Mandriva Linux

Орнотуу Көрсөтмөлөрү

Талап кылынуучу курулуш

Mandriva Linuxту орнотууну баштоо үчүн көпчүлүк учурда Орнотуучу компакт-дискти CDROM уясына салып, машинеңизди кайра жүргүзүү гана жетиштүү болот. 1-ыкманы караңыз.

ЭСКЕРТҮҮ:


Төмөндө Mandriva Linuxту орнотуунун түрдүү ыкмалары келтирилген:

  1. Тикеден компакт-дискетен жүктөө
  2. Windowsто жүктөөчү ийилчээк дискин даярдоо
  3. Орнотуунун башка ыкмалары


1. Тикеден компакт-дискетен жүктөө

Орнотуучу CDROM жүктөтүүчү. Адатта компакт-дискти уясына салып эле машинени кайра жүктөө жетиштүү. Экранда пайда болгон көрсөтмөлөргө баш ийиңиз: орнотууну баштоо үчүн [Enter] баскычын басыңыз, же кошумча көрсөтмөлөрдү алуу үчүн [F1] баскычын басыңыз.

ЭСКЕРТҮҮ:

Кээ бир тизе (портативдик)компүтерлеринде система компакт-дисктен жүктөлбөшү мүмкүн. Бул учурда жүктөөчү ийилчээк дискти даярдооңуз зарыл болот. Толук маалымат үчүн 2-ыкманы караңыз.

[бул беттин башына]


2. Windowsто жүктөөчү ийилчээк дискин даярдоо

Эгер компүтериңиз компакт-дисктен жүктөлбөсө, анда төмөнкү ыкма менен Windowsто жүктөөчү ийилчээк дискти даярдашыңыз керек:

Орнотууну баштоо үчүн:

[бул беттин башына]


3. Орнотуунун башка ыкмалары

Кандайдыр бир себептерден улам жогорудагы ыкмалар Сизди канааттандырбаса (орнотууну желеден аткаргыңыз келсе, pcmcia түзүлүшү аркылуу же ...), бул учурда да жүктөө ийилчээк дискин жасашыңыз зарыл:

Бул жерде жүктөө элестеринин тизмеси берилген:

cdrom.img компакт-дисктен орнотуу
hd_grub.img таш-дисктен орнотуу (Linux, Windows же ReiserFS файл системасынан)
Сиз буларды системаңыз үчүн күүлөй аласыз: http://qa.mandriva.com/hd_grub.cgi
network.img ftp/nfs/httpден орнотуу
ЭСКЕРТҮҮ: талап кылган учурда network_drivers.img-ти ийилчээк диск уясына салышыңыз керек
pcmcia.img pcmcia түзүлүштөрүнөн орнотуу (көңүл буруңуз, учурда көпчүлүк pcmcia желе ыктагычтары тикеден эле network.img аркылуу колдолот)

boot.iso -ти компакт-дискке көчүрүп туруп, андан жүктөсөңүз да болот. Бул учурда орнотуунун бардык ыкмалары колдолот: компакт-дисктен, желеден жана таш-дисктен.

[бул беттин башына]


Адаттагыдай графикалык орнотуу бир себептерден улам көйгөй туудурса, анда текст түрүндөгү орнотууну колдонсоңуз болот. Ал үчүн Mandriva Linux саламдашуу терезеси ачылган учурда, [F1] баскычын басып, калыпка text деп кийириңиз.

Эгерде мурунку Mandriva Linux системаңызды сактап коюу зарыл болсо, Орнотуучу компакт- (же тиешелүү жүктөөчү ийилчээк) дискиңизди салып, Mandriva Linux саламдашуу терезеси ачылган учурда [F1]-ди басып, калыпка rescue деп кийириңиз.

Кошумча техникалык көрсөтмөлөрдү алуу үчүн муну караңыз: http://www.mandrivalinux.com/drakx/README

[бул беттин башына]


Төмөндө орнотуунун негизги кадамдары келтирилген:

  1. Орнотуучу CDROMуңузду (же зарылчылык болсо Оронотуу ийилчээк дискин) уясына салып, машинени кайра жүргүзүңүз.
  2. Mandriva Linux саламдашуу терезеси чыккан соң, [Enter] баскычын басып, көрсөтмөлөрдү кунт менен аткарыңыз.
  3. Орнотуу аяктагандан соң, CD-ROM чыгарылып салынганда, аны (ийилчэк диск салынган болсо, аны да)уясынан алып салыңыз; машинаңыз кайра жүргүзүлөт. Андай болбосо, өзүңүз кайра жүргүзүңүз.
  4. Mandriva Linux жүрүш алат. Жүктөлгөндөн кийин өзүңүздүн машинеңизге орнотуу учурунда түзгөн катталуу аты астында, же "root" катталуу аты астында кире аласыз.

Зарыл эскертүү:

Берилген "root" катталуу аты Сизге Linux системаңызда өзгөчө чектөөсүз укуктарды берет. Аны Linux системаңызды күүлөө же жөнгө салуу үчүн гана пайдаланыңыз. Күнүмдүк иштерди аткаруу үчүн жөнөкөй катталуу атын пайдаланыңыз, андайды Сиз "userdrake" жарагы же "adduser" жана "passwd" буйруктарынын жардамы менен түзө аласыз.

Mandriva Linux менен ийгилик коштосун!

[бул беттин башына]


Кошумча колдоо алуу үчүн төмөнкүлөргө кайрылыңыз: